• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин вице-мэри жол оңдоо иштеринин сапатын текшерди

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков кайрадан жол инспекциясында. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Будённый, Фере, Ак-Тилек, Шота Руставели, Ажыбек Баатыр жана Бакаев көчөлөрүн текшерди. Вице-мэр сугат лотокторун иретке келтирүүгө жана шаардыктар көп нааразы болгон кудуктардын, бордюрлардын, тротуарлардын деңгээлине өзгөчө көңүл буруп, жол иштеринин сапаты боюнча бир нече пикирлерин айтты.

Жолдорду текшергенден кийин Русланбек Акылбеков жооптуу кызматтарга стандартка ылайык бардык багытта аткарылган оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий