• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин вице-мэрлери дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон №442 буйрукка ылайык, Алмаз Бакетаев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

№446 буйруктун негизинде Бишкектин турак жай-коммуналдык чарбасын көзөмөлдөгөн вице-мэр болуп Рыспек Сарпашев дайындалды.

Андан сырткары №439 буйрукка ылайык, мэриянын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий