• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин ыкчам меджардам көрсөтүү борборуна кайрылган 608 адамдын 32синен COVID-19 аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкектин ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборуна бир суткада 608 адам кайрылган. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жалпысынан 511 чыгуу болуп, 341 адамга телефон аркылуу кеңеш берилген.

«154 адам жаткырылган, анын ичинен 32 адамдан COVID-19, 73 адамдан пневмония жана 9 адамдан курч вирустук инфекция аныкталган»,-деди ал.

Жалпысынан 27-июндан 28-июнга чейин Бишкек ыкчам медициналык борборунун 38 бригадасы жана 38 унаасы алмаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий