• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Ынтымак конушунда гүлбакча пайда болот

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ынтымак жаңы конушунда гүлбакча курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, гүлбакчаны Д.Садырбаев – Сакалдуу көчөлөрүнө куруу пландаштырылууда.

Пландалган сумма 12 млн 97 миң 768 сомду түзүп, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 13-октябрына чейин.

Пикир

Оставить комментарий