• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин жаңы конуштарында курулуп жаткан объекттердин интерактивдүү картасы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жамааты "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасын иштеп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, интерактивдүү картада социалдык объектилердеги курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары боюнча актуалдуу маалыматтар чагылдырылган, алар жума сайын жаңыртылып турат.

Эми борбордун ар бир тургуну жаңы объекттер кайда курулуп жатканын биле алат, ошондой эле курулуш -монтаждоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат ала алат.

Азыр инженердик коммуникацияларды куруу боюнча маалымат берүү маселеси иштелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий