• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин үч жаңы конушунда мектептердин курулушу кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын жаңы конуштарында мектептердин курулушу кызуу жүрүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Тагай-Бий көчөсүн бойлой жайгашкан Ак-Ордо конушундагы мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Азыркы убакта объектте жыйындар залынын таяныч дубалын жана экинчи блоктун бетон негизин куруу иштери уланууда.

Ошондой эле Ак-Босого конушундагы долбоордук кубаттуулугу 660 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Учурда мектептин аймагын кургатуу үчүн дренаждык тармактар курулуп, имараттын котлованын казуу иштери башталды.

Мындан тышкары, Көлмө конушунун аймагында дагы 380 орундуу жалпы билим берүү мектебинин курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө имараттын котлованын казуу иштери аяктап, кайра кум-шагыл менен толтуруу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий