• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин жаңы мэри шаар ичинде бир катар жер өтмөктөрү куруларын айтты

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда шаардын бир катар жерине жер өтмөктөрүн курууну пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыр жаңы технологиянын заманы болгондуктан жер өтмөктөрүн салуу кыйынчылык жаратпайт.

“Ар бир кесилиш жолдордо унаалар бурулганда жөө жүргүнчүлөр өтүп жол тыгыны пайда болууда. 10-15 жер астындагы өтмөктөрдү каза турган техникалар бар. Мурункудай асфальттын баарын талкалап, казып, жолду жарым жыл жаап коймой жок. Алматыдан көрдүм, жолдун астынан казып кирип аркы жагынан чыгып кетет. Бир нече жер астындагы өтмөктөрдү салышыбыз керек. Мен муну өз планыма киргизип жатам”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 24-февралда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Айбек Жунушалиев аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий