• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин Жал кичирайонундагы эс алуу жайында жашылдандыруу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” ишканасы Жал кичирайонундагы эс алуу жайын жашылдандыруу боюнча иштерди баштады. Сквер Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда бактарды отургузуу үчүн “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” жерди түздөө боюнча иштерди жүргүзүүдө. Андан тышкары гүлдөр тигилип, газон төшөлөт. Жакын жерде жашаган жарандар бул жерге келип, эс алып кетишсе болот.

Эске сала кетсек, былтыр Жал 23 кичирайонунда сквер курулган.

Бул ушул жылы оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, жашылдандыруу иштери жүрүп жаткан экинчи парк. Жыл аягына чейин план боюнча 9 сквер, кичи эс алуу жайлары жана 2 бульварда жашылдандыруу иштери жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий