• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин жана Жалал-Абаддын айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. Бишкектин жана Жалал-Абаддын айрым аймактарында 24нөн 27-октябрь күндөрү газ жок болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын төмөнкү даректеринде газ берүү убактылуу жок болот;

-24нөн 25-октябрга чейин – Шевченко, Фрунзе, Үмөталиев Ж.Жолу көчөлөрүндө;

-25нен 26-октябрга чейин – Чоң-Арык айылындагы Жеңиштин 50 жылдыгы №15 көчөсүндө, Шушен №4-6;

-26нан 27-октябрга чейин Кызыл Курулуш көчөсүнөн Рабочая №1-9 көчөсүнө чейин;

-25-октябрда Жалал-Абад шаарында Ж.Бакиев, Эркиндик көчөлөрүндө газ убактылуу жок болот.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашкандай, оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий