• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде тротуар жаңыртылууда

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунун аймагында тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Бишкекасфальтсвервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын 300 метрге жакын бөлүгүндө асфальттын эски катмары алынып, ошол эле учурда геодезиялык изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы асфальттын негизин төшөө жана сугат иштерин уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабында Т.Молдо көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин 1000 метрден ашык жана Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин 1500 метрге жакын тротуар оңдолот.

Оңдоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий