• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча жигердүү иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын титулдук тизмесине жана 2022-жылга карата иш планына ылайык, Гатчинский көчөсүндө Шиштөбө көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

"Окуу жылынын башталышына аз гана убакыт калгандыгына байланыштуу ишкана жол белгилерин орнотуу жана мектеп менен бала бакчаларга жакын жайгашкан шаардын көчөлөрүнө жол белгилерин чийүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул иш-чаралар окуучулардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга жаан торлорун орнотуу кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий