• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин жолдоруна 92 тонна кум жана 8 тонна туз себилди

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолдорго кум-туз аралашмасын себүү эртең мененки саат 4:00дө башталып, 92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз кеткен.

Жумушка 25 атайын техника тартылган. Жолдорду кардан тазалоо, көчөлөргө кум-туз аралашмасын себүү жана тротуарларды тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланат.

Тротуарларды кардан тазалоо иши менен 740 кызматкер алектенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий