• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Бишкекжарык" сырткы жарык берүүчү 3 мамыны алмаштырды

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бир айдын ичинде "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы сырткы жарык берүүчү 3 мамыны алмаштырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын бригадасы бузулган мамыларды алуу жана алмаштыруу иштерин жүргүзүп, борбор калаанын көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кабелдик тармактарды калыбына келтирди.

Тактап айтсак, Ахунбаев-Чортеков көчөлөрүнүн, 7-Апрель-Медеров көчөлөрүнүн жана Лев Толстой-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мамылар алмаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий