• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Бишкекжашылчарба" ишканасы ийне жалбырактуу дарактар жана эмендерди дарылоодо

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмендерге жана ийне жалбырактуу дарактарга витамин берүүдө. Бул тууралуу бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бактарды жалбырактуу азыктандырууну, курамында глицерол затын камтыган азык заттарын чачууну башташты.

“Ал ийне жалбырактуу дарактардын жана эмендердин иммунитетин жакшыртып, жашылдандырууга жана өңүнө ачык түс берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, мындай дарылоонун эң жакшы мезгили - жаз мезгили.

Таң эрте Бишкектин Чортеков жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Манас проспектиси Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Масалиев көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Табалдиев көчөсүнө чейин бактарга витамин чачуу иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий