• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Бишкекжашылчарба” ишканасы арыктарды сугат мезгилине даярдоодо

Коом 0

Бишкек 26.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарында жай мезгилинде сугат сууну тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шаардын негизги сугат каналдарын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын “Суу чарба” бөлүмү жүргүзүүдө.

Скрябин көчөсүн бойлой Матросов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин «Чоң Чүй каналы» магистралдык каналын кол менен тазалоо иштери башталды. Борбордун Биринчи май районунда механикалаштырылган тазалоо жүрүп жатат. «Көлмө» конушунда жана «Г-1» каналында Малдыбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки аралыкта кудуктар ашыкча нымдуулуктан жана таштандылардан тазаланып жатат.

«Бишкекжашылчарба» ишканасынын балансында 90,2 чакырым камсыз кылуучу магистралдык сугат каналдары, 408,9 чакырым ирригациялык тармактар жана 80,6 коллектордук-дренаждык тармактар бар.

Борбор калаанын мэриясы курулуш компанияларын, соода күркөлөрүн жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди, ошондой эле шаардыктарды ирригациялык жана коллектордук-дренаждык түйүндөргө таштанды ыргытпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий