• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасы "Жал" отказанын оңдоодо

Коом 0


Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулкэнерго " коммуналдык ишканасынын отказандарында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда "Жал" от казанын тартипке келтирилип жатат, ишкананын адистери төмөнкү жумуштарды жүргүзүүдө:

- насостун коллекторунун диаметринин алмаштырылышы жана көбөйүшү;
- от казанды оңдоо;
- түтүн бөлүп чыгаргычты жана желдеткичти оңдоо;
- тармактык насосту оңдоо;
- газ чарбаларын оңдоо;
- электр жабдууларын жана приборлорду оңдоо;
- экономайзерлерди тазалоо;
- жылытуу трассасындагы жабык клапандарды жарым-жартылай алмаштыруу менен оңдоо;
- турак үйлөрдүн жер төлөлөрүндөгү элеватор блокторун профилактикалык оңдоо.

Белгилей кетсек, от казан 7 миңден ашуун бишкектиктерди жылуулук менен камсыз кылат.

Эске салсак, "Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасынын балансында 66 от казаны бар, ал 624 турак үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт.

"Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасынын шаардыктар үчүн ишеним линиялары бар:

Абоненттерди тейлөө: 212847;
Эсептешүү бөлүмү: 491342
Жылуулук энергиясын эсептөө приборлору жана ысык сууну каттоо бөлүмү: 492535, 212804, 0504 828229
Диспетчердик кызмат : 0701 777110 WhatsApp.

Пикир

Оставить комментарий