• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы абоненттерин жылытууга кошту

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы абоненттерин жылытууга кошту, - деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын бардык 66 отканасы толук кубаттуулукта иштеп жатат.

Ишкананын балансында турган 12 медициналык мекеме, 14 бала бакча, 41 мектеп, 8 университет жана 26 бюджеттик уюм, 622 турак үйдүн 614ү жылуулук энергиясына кошулду.

Малдыбаев көч. №12, 14, Кеңсуу көч. №17/1, 17 / 1-1, 19, Ахунбаев көч. №131В, Лев Толстой көч. №190 даректериндеги турак үйлөр ички системалар даяр болбогондуктан жылуулукка туташкан эмес. Алар келишимдер боюнча өзүн-өзү тейлейт.

Эске сала кетсек, Бишкекти жылуулук менен эки уюм камсыздайт: "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт: Жал кичи району, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, "Орто-Сай" жана "Калыс-Ордо" конуштары, Жумушчу шаарчасы. Шаарга жылуулук берген уюмдар бири-биринин ишине жооп бербейт.

"Урматтуу шаардыктар! Жетишсиз жылуулук менен камсыз кылуу боюнча арыздарды калтыруудан мурун, үйүңүздөгү жылуулук үчүн кайсы мекеме жооптуу экенин билип алыңыз. Эгер үйүңүздүн жылуулугу кайдан келип жатканын билбей калсаңыз, сизге кызмат кылган компаниянын дүмүрчөктөрүнөн таба аласыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Компаниянын ишеним телефондорунун номерлери жеткиликтүү:

-0312 21-28-44; 0312 21-29-06-8.00дөн 17.00гө чейин арыздарды кабыл алуучу диспетчердик кызмат;

-0312 21-29-06-күнү-түнү диспетчердик кеңсе;

- 0701 777-110 - What`sApp номери.

Пикир

Оставить комментарий