• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүү кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын отказандары тазаланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Бишкектин Ленин районуна караштуу айрым көчөлөрдө эскилиги жеткен суу түтүктөрү алмаштырылып, жаңы түтүктөр орнотулууда.

Белгилей кетсек, жалпысынан ишкананын балансында 66 откана бар. Андан сырткары, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат.

Коммуналдык ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттык сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекеме жана башка 212 керектөөчү ишкананын кызматын алат.

Коммуналдык ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичирайонун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин конушун тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий