• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы жылытуу мезгилине карата даярдыктарды аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жыйындар залында ишкананын директору Байымбет Байгараевдин төрагалыгы алдында бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландуу жыйын өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ишкана отканаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча иштерди жыйынтыктоодо. Жыйында бөлүм жетекчилери аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча отчет беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында директор жетекчилерге ишти пландаштырууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну жана иште кайчылаштыкты жаратпоо үчүн сатып алуу боюнча сунуштарды өз убагында аткарууну тапшырды.

Ошондой эле, пландалган иштерди ийгиликтүү аяктоо үчүн техникалык коопсуздукту милдеттүү түрдө сактоо менен жер-жерлерде иштеп жаткан кызматкерлердин иш графигин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий