• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын ишеним телефондору өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 13.01.21 /Кабар/. Бишкек мэриясы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын ишеним телефондору өзгөртүлгөндүгүн маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, эгерде жылуулук жана ысык суу боюнча маселелер болсо, анда диспетчердик кызматка күнү-түнү төмөнкү номерлерге чалып байланышууга болот: 0701 777110 (WhatsApp), 0312 212906.

“Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн (айдын 17нен 24үнө чейин): 0504828229 (WhatsApp) номерине жиберип же: 0312 492535 номерине чалыңыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин турак жай массиви, калгандарын жылуулук менен Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы “Бишкекжылуулуктармагы” ААК камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий