• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы отказандарды кышка даярдоодо

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы отказандарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отказандарда тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, насостор, клапандар, электр жабдуулары, приборлор жана автоматика оңдолуп, жаңыланды.

"Сезонго карата № 59, 78, 81, 79, 83, 96, 82, 40, 49, 32, 23, 35, 18, 50 мектептериндеги, ошондой эле "Ак-Өргө" жаңы конушундагы, Тойгонбаев, Л.Толстой көчөлөрүндөгү, Жаш Гвардия бульварындагы, №12 бала бакчадагы от казандар даярдалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жалпысынан ишкананын балансында 66 откана бар.

Ошондой эле "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Коммуналдык ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр ишкананын кызматын алышат. Коммуналдык ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичи районун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин конушун тейлейт.

Жылуулук менен камсыздоого байланышкан кайрылуулар 21-28-47 телефону аркылуу кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий