• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бюджетке 13 млн сом зыян келтирген Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 13 миллион сомго жакын суммадагы бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча инспектору А.К. кармалды.

Финполдон билдиришкендей, кечээ, 7-декабрда Ош шаардык соту тарабынан А.К.га карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Буга чейин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча "С.Т." ЖЧКсынын П.Т. аттуу жетекчиси кармалган.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарынын Кеңсай турак жай конушуна кирүү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражатын которгон. Бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү болжол менен 13 миллион сомду түздү.

Учурда аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын коргогон адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий