• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бюджетке салык жана бажыдан дээрлик 10 млрд сом түшпөй калды – Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Өлкө бюджетине салык жана бажыдан дээрлик 10 млрд сом түшпөй калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

"Чек ара жабылгандыгына байланыштуу бажы тармагында пландалган жыйымдын 45-50%ы чогулбай калды. Ал эми салык жагындагы жоготуулар, биринчи кезекте кыйыр түрдө импорттун кыскарганына байланыштуу болду. Бизде импорттун 70%ы Кытай менен болгон. Импорттун кыскарышы биздин ички өндүрүшкө таасирин тийгизет. Себеби, биздин өндүрүштүн көп жагы Кытайдан келген чийки зат менен байланышкан. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу көп ишкана-мекемелердин ишине чектөө киргизилгендиктен салык жыйымдары азайды. Жыл башынан бери 27-апрелге чейин салык жана бажыдан дээрлик 10 млрд сом түшпөй калды", - деди ал.

Аны менен бирге ал бюджеттин корголгон беренелери (айлык маяна, пенсия, жөлөкпул) боюнча ай сайын 7,5 млрд сомго жакын каражат сарпталарын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий