• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бюджеттен көп каражат кетет! Садыр Жапаров жаңы шайланып келген депутаттарга кайрылды

Президент 0

Бишкек, 30.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын парламенттин жана президенттин иш башкармалыгын кайра өзүнчө бөлүү тууралуу айтылган пикирден кайтышын өтүндү.

Жапаров президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлей турганын жазат.

“Баарына бирдей баш иет. Себеби, бул мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик”, - деп жазат өлкө башчы.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын жаңы депутаттары алгачкы жыйынын өткөрүп, анда парламенттин жана президенттин иш башкармалыгын кайра өзүнчө бөлүү тууралуу пикирлер айтылган.

Пикир

Оставить комментарий