• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бюджеттен «Каба уулу Кожомкул» көркөм тасмасын тартууга 25 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊеш депутаттар тобунун ысымы уламышка айланган даӊазалуу балбандын 2019-жылы белгилене турган 130 жылдык маарекесине карата толук метраждуу «Каба уулу Кожомкул» көркөм тасмасын тартууга 25 млн сом көлөмүндө каражат бөлүү демилгесин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, даӊазалуу балбан Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулуп, 1955-жылы каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий