• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 506,4 млн доллар алынууда - Абдылда тегин Суеркул

Экономика 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 506,4 млн доллар алынууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдылда тегин Суеркул билдирди.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

"Бюджетти колдоо үчүн алынып жаткан каражаттан көлөмү 506,4 млн долларды түзөт. Алардын ичинен 69,6 млн доллары грант, 436,8 млн доллары насыя болуп саналат. Бүгүнкү күнгө карата 319,2 млн доллар алынды. Алардын ичинен Эл аралык валюта фондунан 241,9 млн доллар алынды. Биринчи транш 120,8 млн доллар өлчөмүндө 31-март күнү, экинчи транш 13-май күнү 121,1 млн доллар өлчөмүндө келген. 10-июль күнү Европа биримдигинен 27,3 млн доллар өлчөмүндөгү грант алынды. Ошондой эле 10-июнь күнү Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар суммасында каражат келген. Анын жарымы грант, жарымы насыя болуп эсептелет", - деди ал.

Алдыда бюджетти колдоо үчүн сырттан дагы 187,2 млн доллар алуу пландалууда.

"Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя алуу пландалууда. Европа биримдигинен 6,6 млн доллар грант келери күтүлүүдө. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынан 80 млн доллар өлчөмүндө экинчи транш келери күтүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий