• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2 кодексине жана 8 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда: Токой кодексине, Салык кодексине жана «Билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдарга.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий