• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Жалал-Абаддагы 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Мерсико эл аралык уюмунун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин КР Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Мерсико уюму 5 жылдык программаны ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, бул жылы Жалал-Абад облусундагы 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

"Программа тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары мектептердин инфраструктурасын жакшыртууга жана тамактануу жайларын эл аралык стандарттарга ылайык жабдууга көмөктөшөт. Ошондой эле ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдерин, ашпозчуларды жана мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрөт. Облус боюнча 2017-жылдан тарта аталган программанын көмөгү менен 108 мектеп ысык тамак берүүгө өткөн", - деп айтылат маалыматта.

Жолгушуунун алкагында Жалал-Абад облусунда иш алып баруу пландары тууралуу маалымат берилди. Айрым көйгөйлөр айтылып, чечүү жолдору талкууланды. Облус башчысы балдардын ден соолугун сактоо, билим сапатын жакшыртуу үчүн ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул багытта аймактардагы жергилитүү бийлик, мектеп жетекчилиги тарабынан керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий