• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз 1/4 финалга чыгуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз – Крестинин

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Биз 1/4 финалга чыгуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз, мындай мүмкүнчүлүктү койо бербеш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Абу-Дабиде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары ойнойт. Бул матч Абу-Даби шаарында Бишкек убактысы боюнча 23.00 башталат.

Крестинин плей-оффко чыккан Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратын куттуктап, мындан ары чоң жоопкерчилиги бар, кызыктуу оюндар башталды деген пикирин билдирди.

"Биз ушундай маанилүү оюндар үчүн ушул жакта жүрөбүз. Бизди кызыктуу оюн күтүп турат", - деди Крестинин.

Россиялык стилдеги иш жана күйөрмандар тууралуу

– Чынын айтсам, мага өзүмө кызык болуп атат – россиялык стиль деген кандай? Мен өзүмдү бир дагы стилге кошпойм. Агрессиялуу чабуул жана коргонуу менен бизге пайда алып келүүчү футбол ойноого аракет кылабыз. Алар биздин жана Виталий Люкстун ойюнун изилдөөдө. Бул күтүлгөн иш. Биз дагы алардын оюнун байкоодобуз. Түшүнүп турабыз, алар турнирдин ээлери, бирок бул эч нерсени түшүндүрбөйт. Турнирдин ээлери оюнду утат деген кепилдик жок", – деди Крестинин.

– Азия Кубогу Бириккен Араб Эмиратында өтүп жатат, аларга бул жардам берет. Күйөрмандары дагы жардам берет. Бирок биздин дагы күйөрмандарыбыз жетиштүү. Бизге алардын колдоосу абдан маанилүү. Биз өзүбүзгө ишенебиз, - деп кошумчалады ал.

БАЭ каршы оюндун алдында кандайдыр бир басым тууралуу

– Командалардын кимисине кандай басым көрсөтүлүп жатканын кантип текшерсе болот: бирине көбүрөөк, бирине азыраак.

Биз азыр биринчи гана тапшырманы аткардык, турнирдин алдында бул тууралуу сөз кылгам. Эми кийинки тапшырмалар коюлуп атат. Биз дагы ¼ финалда болушубуз керек. Ал үчүн баардык күчүбүздү жумшайбыз. Бардыгы бул турнирге даярданган. Азыр биздин футболчулар жакшы даярдыкта, муну колдонушубуз керек. Биз 1/4 финалга чыгуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз, мындай мүмкүнчүлүктү койо бербеш керек.

Кыргызстандыктардын колдоосу тууралуу

Албетте, биз Кыргызстанда эмне болуп атканын билебиз. Бул дагы бир жолу биз бирге жана биримдикте экенибизди далилдеп атат. Биз бүт өлкө сыяктуу абдан кубанычтабыз. Биз күчтүү команда менен ойногону жатабыз, аны түшүнүп турабыз. Алар турнирдин ээлери. Бирок биздин биримдигибиз чоң күч берет.

Эске салсак, Азия Кубогунда биринчи үч команда 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды, алар – Вьетнам, Кытай жана Иран.

Ошондой эле бүгүн дагы үч оюн болот, Кыргызстан менен БАЭ, Япония менен Сауд Арабия командалары кездешсе, кийинки матчта Австралия менен Өзбекстан беттешет.

Пикир

Оставить комментарий