• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биз ага эскертүү бергенбиз — Ташиев Орхан Инандынын уурдалышы жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 2021-жылдын февралында Орхан Инандыны уурдоо аракетинен куткарып калышкан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал мындан бир ай мурун Инандынын жубайына аны февралда белгисиз адамдар уурдоого аракет кылышкандыгын, бирок УКМК кызматкерлери аны куткарып калышкандыгын маалымдаган.

«Аны уурдап кетишкен, бирок биз кайра кайтарып алып келгенбиз. Февраль айынын башында Инанды үч күнгө жоголуп кеткендигин жубайы менен анын Нурлан аттуу кызматкери тастыктаган», - деп түшүндүрдү ал.

Ташиев Орхан Инандыга өзүн кантип алып жүрүү керектиги тууралуу толук көрсөтмө жана сунуштар берилгендигин айтты.

«Биз ага кимдир бирөө аны уурдоого аракет кылып жаткандыгын айтканбыз. Ал биз менен кызматташтып, шектүү адамдар жөнүндө кабарлап турчу, биз аларды текшерчүүбүз», - деп кошумчалады Ташиев.

Мындан тышкары, УКМКнын башчысы Инандыга Кыргызстандан чыгып кетүү сунушун айткандыгын кошумчалады.

«Биз бардык коопсуздук чараларын көрдүк. Бирок ал аларга көңүл бурбай койду», - дейт ал.

Камчыбек Ташиев ал "ФЕТО" уюмунун мүчөсү болгондуктан 2015-жылы эле уурдоо аракети болгондугун айтты.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон.

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, Орхан Инандынын кош жарандыгы бар.

Пикир

Оставить комментарий