• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

"Биз барбыз" элдик штабы тарабынан медицина кызматкерлерине 15 миң коргоочу костюм тигилүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 01.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда демилгелүү жаштар түзгөн "Биз барбыз" элдик штабы тарабынан медицина кызматкерлерине 15 миң коргоочу костюм тигилип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Биз барбыз" элдик штабынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ыктыярчы Урмат Насыкулов билдирди.

Ал белгилегендей, 10 күндүн ичинде аталган элдик кыймылга 1 миң 500ден ашык адам кошулган.

Анын айтымында, алардын штабы 3 багытта иш алып барууда. Биринчиси эл арасында, айрыкча аймактарда коронавирус, андан сактануу боюнча туура, так маалыматтарды жеткирүү.

"Вирус боюнча көп маалыматтар орус жана англис тилинде экен. Аларды кыргыз тилине которуп, социалдык тармактар аркылуу жайылтып жатабыз. Экинчиси, медицина кызматкерлерине жардам берүү. Кыргызстандын бардык аймактарындагы дарыгерлерден, ооруканалардан 15 миңге жакын костюмга буйрутма алдык", - деп ал костюмдарды тигүү үчүн атайын материал табылып, ти дарыгерлерге акысыз таратылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, костюмдарды тигүүдө аларга Америкадагы мекендештер чоң жардам көрсөттү. Алар 10 миң доллардан ашык каражат чогултуп, "Биз барбыз" штабына беришкен.

"Үчүнчү багыт – элди азык-түлүк менен камсыздоо. Анткени, өзгөчө абалга байланыштуу көп жарандар иштей албай калышты", - деп, Насыкулов күнүмдүк иш менен оокат кылган жарандар үчүн ага да шарт болбой калгандыгын айтып өттү.

Анын айтымында, 2-3 күн ичинде аларга 1 миңден ашык кайрылуу болду.

"Алардын баарына жетишкенге аракет кылабыз. Учурда мамлекеттик органдар менен бирге кимге жардам берилет жана кимдер жардам алганы боюнча база түзүлдү. Бул боюнча биздин ыктыярчылар иштеп жатат", - деди ал.

Анын айтымында, учурда 200дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүктөр жеткирилген.

Ал белгилегендей, учурда бизнес чөйрөсү четте турбай, акыркы 10 күн ичинде 1 млн сомдон ашык жардам көрсөткөн.

"Жардамдардын баары колунда жок, көп балалуу үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге, учурда оор кырдаалга туш болгон жарандарга жеткирилет",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий