• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биз билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы ресурсу болушун күтүп жатабыз – КР президенти

Президент 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү системасы өлкө жарандарына дүйнө тууралуу эле маалымат бербей, аны өлкөнү өнүктүрүүгө колдонушу үчүн шарт түзүшү керек. Бул тууралуу бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинин ачылышында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал өлкөдө учурда заманбап билим берүү үлгүсүн куруу үчүн жүргүзүлүп жаткан реформалар талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.

“Биз өлкөнү өнүктүрө турган билим берүү үлгүсүн курушубуз керек. Бизге дүйнөнү таанууга шарт түзгөн эле эмес, биздин экономиканы, коомду, жашообузду өзгөртө турган билим керек”, - деди президент.

Мамлекет башчысы билим берүү системасы өлкөнүн потенциалын өнүктүрүүнүн башкы ресурсу болушу керектигин кошумчалады. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жашоонун бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүү менен маалыматтык коомго өтүү керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий