• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биз бир метр жерди берүүгө акыбыз жок. Садыр Жапаров чек ара жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында Тажикстан менен чек ара маселелери кандай чечилип жатканын айтып берди.

«Чек ара маселеси оюнчук эмес экен. Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 36 жаран каза болду. Чек ара боюнча талаш-тартыштар 30 жылдан бери чечилбей келген. Буга чейин биз Өзбекстан менен демаркация маселесин бүтүп, андан кийин Тажикстан менен баштайлы деп пландаганбыз», - деди ал.

Анын айтымында, ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер менен таанышып чыккан, анда 3 талаштуу маселе бар. «Биринчи – бул Көк-Таш айылындагы (талаштуу жер 275 метр) Төрт-Көчө. Экинчиси – Ворухка жол, талаштуу жер Баткен жана Лейлек райондорунда. Бирок бул жерлерде юридикалык жактан биздики туура. Мен белгилеп кеткен Төрт-Көчө боюнча 2009-жылы 3-мартта ошол учурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров протоколго кол койгон экен, ошондуктан тажик тарап бул аладын аймагы деп ойлоп атат. Бирок мен бул биздин жер деп талап кылып жатам. Бирок алар ошол протоколду көрсөтүп жатышат, анда биз бул 275 метр алардын аймагы деп моюнга алганыбыз, кайра биз 49 жылга ижарага алгандыгыбыз жазылган экен», - деди өлкө башчысы.

Ал белгилегендей, тажик тарап азыр ижара мөөнөтү аяктагандан кийин же аймакты кайтарып берерүүнү, же ижара мөөнөтүн узартуу айтышууда.

«Бирок мен аларга Мадумаровдо протоколго кол койгонго ыйгарым укугу жок болгонун, аны протоколго кол кой деп эч жибербегенин айтып жатам. Чек ара маселесин чечүүдө эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы иштеп, андан соң келишимдерди иштеп чыгып, президентке алып чыгышы керек. Документти изилдеп чыгып, макул болсом, ратификацияга Жогорку Кеңешке жөнөтүшүм керек. Жана аягында президент документке кол коет. Мына ушинтип талашып-тартышып жатабыз. Бирок биз бул 275 метрден баш тартпайбыз, биздин укугубуз жок. Бирок биз жерибизден баш тартсак, 37 жылдан кийин Лейлек анклавга айланат, бирок бул протоколдун юридикалык күчү жок жана чындык биз тарапта. Жерибиздин бир метрин да берүүгө акыбыз жок», - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий