• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биз бир саамга оору жөнүндө унуттук – Дүйнөлүк жеңүүчүлөрдүн оюндарында алтын утуп алган онкологиялык оорулуу кыздын апасы

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. / Кабар/. Бүгүн, 9-августта “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында IX дүйнөлүк жеңүүчүлөрдүн балдар оюндарында катышкан Мадина Адильбекованын апасы Гүлзат Жапанова кызынын оорусунун тарыхы тууралуу айтып берди. Учурда кызы колдоочу терапияда.

“Баламдын омурткасы ооруйт. 2016-жылы октябрда ал аркасы ооруп жаткандыгы тууралуу айтып, дене табы жогорулап кеткен. Анда ал 4-класста окуйт эле. Биз Ош облусунда жашайбыз. Дарыгерлер “Вертеброневрология” диагнозун коюшкан”, - деди Гүлзат Жапанова.

Ал билдиргендей, убакыттын өтүшү менен анын кызы өзүн жаман сезип, 2016-жылдын 14-декабрында балдар онкологиясына түшкөн.

“Биз бир жылдан кийин, 2017-жылдын декабрында ооруканадан чыктык. Учурда балабыздын химиотерапия курсу аяктады, бирок колдоочу терапия алып жатабыз. Таблетка ичип, жума сайын анализ тапшырабыз. Дарыгерлердин байкоосу алдындабыз. Дарыланып бүткөнгө бир жылдан аз убакыт калды”, - деди апасы.

Алар Дүйнөлүк балдар оюндарына катышууга дароо макул болушкан.

“Помогать легко” фондунан Москвадагы бул оюндарга катышуу боюнча сунуш келип түштү. Биз дароо чечим кабыл алып, макул болдук. Биздин бала ага татыктуу экенин эске алдык. Кызыбыз канча кыйынчылыкты башынан өткөрдү, жакында эле баса баштаган. Мадина 60 метрге жеке жарышка катышты”, - деди Жапанова.

Апалардын айтымында, бул иш-чара аларга көп позитив тартуулады. Оюндар учурунда бир саамга оору тууралуу унутууга мүмкүн болду.

“Ар дүйшөмбү күнү биз анализдердин жыйынтыктарын күтүп тынчсызданабыз, коркобуз. Жыйынтыктарга жараша дары алабыз. Москвада биз убакытты карап, дарыларды өз убагында ичүүгө аракет кылып жаттык. Бактыга жараша балдарыбыз өздөрүн жакшы сезип жатышты, маанайлары көтөрүңкү болду”, - деди Гүлзат Жапанова.

Балдардын бул оюндарга баруусу онкологиялык жактан оорулуу балдар жана алардын ата-энелери канчалык күчтүү экенин көрсөткөнүн кошумчалады ал. Биринчи кезекте алар ички коркуу сезимин жеңүүгө жетишти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Алтын: Мадина Адильбекова, Жаркынайым Сапарбекова.

Күмүш: Даниэль Асанов, Артём Воробьев, Жаркынайым Сапарбекова.

Коло: Рысбек кызы Адеми, Кирилл Кафанов.

Пикир

Оставить комментарий