• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз буга макул эмеспиз. Марипов окуу акысын азайтууну суранган студенттер жөнүндө

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда окуу акысын азайтууну суранган студенттер жөнүндө оюн билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе кайра каралып чыгат.

"Президент Садыр Жапаров студенттердин окуу акысы боюнча тапшырма койгон. Бул боюнча азыр иш алып баруудабыз. 2020-жылы ЖОЖ, мектептер онлайн режиминде окуса, бүгүнкү күндө дагы аралыктан окуусун уланткан окуу жайлар бар. Студенттердин окуу акысына жеңилдик берүү боюнча ЖОЖдордун жетекчилери карап чыгыптыр, бирок 1 миң сомдон гана жеңилдик кылыптыр. Биз буга макул эмеспиз. Ошону үчүн бул маселени кайра карап чыгып, башка жолдорун кароодобуз. Жакынкы күндөрү чечим кабыл алабыз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖОЖдордун студенттеринин окуу акысын кыскартуу мүмкүн эместиги айтылган.

Пикир

Оставить комментарий