• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биз үчүн силер жеңүүчүсүңөр! Соцтармактарда кыргыз футболчуларын сүрөгөн колдонуучулар

Спорт 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөргөн. "Ак шумкарлар" 3:2 эсеби менен БАЭдан утулуп калды.

Матч Абу-Даби шаарынын “Зайед Спорт Сити” спорт стадионунда өткөн.

Букмекерлердин БАЭнын эсебине болгон төлгөсүнө карабастан оюн абдан кызыктуу жана оор болду. “Ак шумкарлар” атаандаштарына өздөрүн ким экендигин көрсөттү.

Кураманын устаты Александр Крестинин оюнчуларды абдан жакшы даярдап, Азия Кубогуна алып келип, плей-оффко өткөргөн. Кыргыз футболчуларынын оюну күйрөрмандарды, бүтүндөй Кыргызстандыктарды сыймыктандырды.

Соцтармактарда футболчулардын оюну тууралуу сыймыктануу жана колдоо берүүчү сөздөрдү калтырган:

“Азаматсыңар, биз уттук. Оюн абдан катуу өттү. Калыстар дайыма каталарды кетирип, туура эмес калыстык кылат. Балдар азаматсыңар!”, - sher_ferrari.

“Силердей спортчулар менен Кыргызстан сыймыктанат. Аман-эсен кайтып келгиле!”, - aijan_b.

“Кытайлык калыс адилетсиз пенальти берип кууратты”, - Еliza Nur.

“Силер биздин сыймыгыбызсыңар! Баардык футбол көрүүчүлөр Кыргызстандын курамасы утулган жок экендигин билишет. Кыргызстандын футболу жаңы деңгээлге чыкты. Азаматсыңар! Биз силер менен! Калыс туура эмес калыстык кылды. Алга Ак шумкарлар! Машыктыруучу Александр Крестининге өзүнчө таазим”, - tilya_s.

“Бул биздин эң мыкты оюн. Баардык оюнчуларга, машыктыруучуларга рахмат!», - jsherba.

“Кыргызстандын улуттук курамасы мыкты оюн көрсөттү. Бул чоң турнир жана мыкты жыйынтык. Азаматсыңар!“, - kubaktanoff.

Пикир

Оставить комментарий