• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"#Биз үчүнчү революцияга каршыбыз" - социалдык тармактарда митингге чыкпоо чакырыктары айтылууда

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Социалдык тармактардын колдонуучулары "#Биз үчүнчү революцияга каршыбыз" деген чакырык ташташып, коомчулукту митингдерге катышпоону суранышууда.

Болуп жаткандарды токтотуу – тынчтыкта жана ынтымакта жашоо урааны менен instagram'да 500гө жакын билдирүү чыгарылган. Авторлор чагымчылдыкка алдырбоого чакырууда.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын кызматтагы жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий