• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз ЕАЭБ алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы өзүнүн кириш сөзүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин мурдараак Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына токтолду, анын алкагында 6 млрд 135 млн АКШ доллары көлөмүндөгү 53 документке жана Өкмөт аралык 4 макулдашууга кол коюлду.

Премьер-министр баса белгилегендей, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык жана ишенимдүү экономикалык өнөктөшү бойдон калат.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүүбүз 6,7 млрд АКШ долларын түзүп, 6,6%га көбөйгөн. Ал эми Россия менен – 1,6 млрд.га чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 млн АКШ долларына өскөн. Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 млн АКШ долларын түзүп, 25% өсүш катталды. Албетте, биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700гө жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт. Биздин милдет жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүбүздү 2 млрд АКШ долларына жеткиришибиз керек. Атамекендик товарлардын 80%ы Россияга экспорттолот жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы чоң суроо-талапка ээ болуп баратат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы «Газпром» ачык акционердик коому менен кызматташууга токтолду, ал газ транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө 16 млрд рублга инвестиция жасап, республика 30% газдаштырылды.

«Жакында эле биз «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугуштук жана биздин милдет – газдаштыруу деңгээлин 50%га жеткирүү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, россиялык Президенттин сапарынын алкагында мунайзат тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

«Бул тармакка стратегиялык инвестор келүүсү үчүн кызматташуунун жол картасы иштелип чыгат. Биз чечимдерди биздин экономика болгон салымын, ишке ашырыла турган социалдык программаларды, канча жумуш орду түзүлөрүн, канча салык түшөрүн эске алуу менен кабыл алабыз. Эгерде бул биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, анда чечим кабыл алынат. Каршы чыккандар экономикада эч нерсени түшүнбөгөндөр же жөн гана мунайзат тармагыбыздын өнүгүүсүн каалабагандар. Биз атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзгөн жана албетте, биздин мыйзамдарга жооп берген туура саясатты жүргүзөбүз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, Россия жана Кыргызстан кен иштетүү чөйрөсүндө активдүү кызматташууда – «Жерүй-Алтын» ишканасында ири долбоор ишке ашырылып жатат. Ага 20 жылда долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 600 млн АКШ долларына жетет. Ошондой эле «Росгеология» менен да стратегиялык макулдашууга кол коюлду. Компания Кыргызстандын геология тармагына 20 жылда 1,2 млрд АКШ долларына инвестиция салмакчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрмө-көзөмөл жайындагы кырдаал тууралуу айтты.

«Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Мен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен үч ирет сүйлөштүм. Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз макулдашууларга жетиштик, алардын натыйжасын жакынкы күндөрү көрөбүз. Биз келишимдердин аткарылышына жетишүүгө аракет көрөбүз. Өкмөттүн аракетсиздиги тууралуу айтып жаткандарга түшүндүрө кетсем, экономикалык мүнөздөгү маселелер бар, аларды чечүү конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жана дыкат ойлонулган мамилени талап кылат», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий