• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биз ЕАЭБде электр энергиясынын чыныгы эркин рыногуна умтулушубуз керек – Новиков

ЕАЭБ 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Биз Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жалпы мамлекеттик балансын жабууну камтыган чыныгы эркин электр рыногуна умтулушубуз керек. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков III Кыргыз-Россия бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк каатчылыгы, суу ресурстарынын тартыштыгы, түшүмдүүлүктүн жана дүйнөлүк рынокто баалардын төмөндөшү азык-түлүк жана айыл-чарба продуктыларынын ички рыноктон үчүнчү өлкөлөргө агып кетишине алып келет.

Новиков ушул контекстте ЕАЭБдин бирдиктүү азык-түлүк балансын түзүү жана азык-түлүк тартыштыгын жана ЕАЭБдеги баалардын кескин өсүшүн жоюу үчүн алгач ички рынокторду камсыздоо концепциясы биринчи планга чыгарын белгиледи.

“Климаттын глобалдык өзгөрүү шартында борбор-азия өлкөлөрүнүн энергетикалык балансы маселеси өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Экономиканын өсүшүн жана бизнестин өнүгүшүн эске алуу менен келечектеги керектөөнү болжолдоо зарыл. Биз ЕАЭБдин жалпы мамлекеттик балансын жабууну камтыган чыныгы эркин электр рыногуна умтулушубуз керек”,-деди Новиков.

Анын айтымында, Кыргызстан менен россия 6 жылдан бери ЕАЭБдин катышуучусу болуп саналат. Биримдиктеги башка катышуучулар менен катар алар эркиндиктин төрт баскычын жайылтышат: капитал, товар, кызмат жана жумушку күчү.

Белгиленгендей, ЕАЭБдин күн тартибинде ички тоскоолдуктарды, жеңилдиктерди жана чектөөлөрдү алып салуу маселелери барган сайын маанилүү болуп баратат. Бул өзгөчө улуттук вальютанын девальвациясы мезгилинде сезилет жана бир өлкөнүн товарларын башка өлкөгө салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Бир өлкөдө улуттук вальютанын кунунун төмөндөшү өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн башкаларында девальвациянын зарылдыгына алып келет.

Эскерте кетсек, Кыргыз-Россия бизнес-форумуна “Газпромбанк”, “Ростех”, “Росатом”, “Росагромаркет”, “Русгидро”, Евразия ишкер кеңеши, “Альянс Алтын”, “Чакан ГЭС”, Megacom, Кыргыз фондулук биржасы сыяктуу жана башка мекемелер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий