• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биз эки өлкө ортосундагы алакалардын өнүгүшүн жогору баалайбыз – Кытайдын КРдагы элчиси

Саясат 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн кыргыз-кытай алакаларына баа берип, алдыдагы пландар тууралуу бөлүштү.

Кызматына киришип жаткан элчи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Ишеним грамотасын тапшырып, ММКларда жарыяланган эки өлкө ортосундагы мамилелерге байланыштуу бир катар материалдар менен таанышып чыкканга үлгүргөндүгүн билдирди.

"Мен журналисттердин Кытай менен Кыргызстандын алакасына болгон чоң кызыгуусун байкадым. Бир аз мурдараак эле Кыргызстандын президентине Ишеним грамотасын тапшырып, аны менен баарлашууга жетиштим. Биз эки өлкө ортосундагы алакалардын өнүгүшүн жогору баалайбыз. Эми алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк макамында", - деп билдирди элчи.

Ал билдиргендей, президент менен болгон жолугушуу абдан жакшы өтүп, эки жактуу маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүндүк түзүлгөн.

"Президент мага жана менин ишиме өкмөт жана Кыргызстандын эли колдоо көрсөтүп, жардам бере тургандыгын убадалады. Мен өз кезегинде элчи болуп турганда эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө, стратегиялык өнөктөштүктү алдыга жылдырууга убара бердим. Мунун бардыгы кытай-кыргыз элинин пайдасы үчүн жасалат", - деп билдирди дипломат.

Пикир

Оставить комментарий