• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Биз электр энергиянын баасын жогорулатууга каршыбыз – Улуттук энергохолдингинин башчысы

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг электр энергиянын баасын жогорулатууга каршы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, алар электр энергиянын баасын кароо жана бекитүү маселелерин чечпейт, бирок алар менен кеңешишет.

“Биз бааны жогорулатууга каршыбыз. Биз энергетика чөйрөсүндөгү маселелерди мекеменин чыгашаларын оптималдаштыруу, штаттык бирдиктерди кыскартуу жана борборлоштурулган тендерлерди киргизүү менен чечүүнү пландаштыруудабыз. Андан тышкары, энергетика чөйрөсүн өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бөлүштүрүүчү компанияларды башкарууда Энергохолдингди көбүрөөк аралаштыруу пландалууда. Бул натыйжалуулукту жана ачыктыкты арттыруу үчүн керек”, - дейт Назаров.

Ал белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгына байланыштуу коңшу өлкөлөр менен КРга электр энергиясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Мен азыр пландалган бааны айта албайм, анткени, ал коммерциялык сыр. Бирок, сунушталып жаткан баалар оптималдуу болоруна ишендирип кетем”, - деди А.Назаров.

Пикир

Оставить комментарий