• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Биз ички булактардын эсебинен жашаганды үйрөнүп, донорлордон көз каранды болгонду токтотушубуз керек - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.18. / Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлер кабинетине министрликтердин жана мамлекеттик органдардын бюджеттерин ички булактардын эсебинен түзүүнү тапшырды.

Бул максаттарга жетүү үчүн, Абылгазиев өкмөттүн отурумунда белгилегендей, экономиканы көмүскөдөн чыгарып, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү керек.

“2019-жылы мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык чыгымдары ички булактардан, салыктык жана салыктык эмес жыйындардан каржыланышы керек. Программалык бюджет республикалык долбоорлорду жана нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен түзүлүшү керек”, - деди премьер.

Андан сырткары ал жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын бюджетин оптимизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Өкмөттүн программасы боюнча жерлерге 70 пайызга чейин кирешелерди калтырып, 30 пайызын гана өлкөнүн бюджетине алуу пландалууда. Мындай кадам аймактарга өз алдынча артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий