• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Биз инвесторлорду сыйлашыбыз керек. Бирок, алар дагы бизди сыйлап, улуттук мыйзамдарыбызды так аткарууга тийиш - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов Кемин районундагы Ак-Түз кен ылгоо комбинатындагы авариянын келип чыгуу себептери менен анын кесепетин жоюу маселесине арналган жыйын өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, адистер менен эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Кемин аймагынын тургундары катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 26-февралында алтын менен күмүш кендерин иштеткен «ТК ГеоРезерв» жана «ТК ГеоРесурс» компанияларына таандык кен ылгоо ишканасынын саркынды суу агуучу түтүктөрдүн жарылуусунан улам уулуу заттар өрөөндү каптап, саркынды суунун Кичи-Кемин суусуна кошулганын, анын айынан ал жердеги радиациялык фон өзгөргөнүн эске салган депутат Акылбек Жамангулов бул компанияларга карата катуу чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Комбинаттын башкы директорун канча жолу жолугушууга чакырдык, ар нерсени шылтоолоп качып жүрөт. Ал мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн да, жергиликтүү бийлик жетекчилерин да, жергиликтүү тургундарды да теӊине албайт экен. Бул авария компаниялардын техникалык кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам болгону көрүнүп эле турбайбы. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл, ансыз ал кайталана берет. Албетте, биз инвесторлорду сыйлап, жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Бирок, алар дагы бизди сыйлап, улуттук мыйзамдарыбызды так аткарууга тийиш. Тилекке каршы, ушул кезге чейин экологиялык коопсуздук, жергиликтүү жолдорду оӊдоо, жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү багытындагы соцпакет маселелери чечиле элек. Убада көп, аткарылган иш аз», - деди ал

Экотехинспекциянын башчысы Расул Артыкбаевдин айтымында, авария болгондун эртеси эле мекемелер аралык комиссия түзүлүп, авариянын себептери иликтене баштаган. «Тоӊуп калган саркынды суу түтүгү төрт жеринен жарылган. Комиссия лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде «ТК ГеоРезерв» жана «ТК ГеоРесурс» компаниялардын жетекчилигине авариянын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берди. Азыр алардын жоюлушун көзөмөлдөп жатабыз. Эӊ негизгиси түтүк жарылган жердеги ууланган топурак кыртышы толугу менен алмаштырылат. Ал эми саркынды суу топтолуучу жайды техникалык рекультивациялоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге чечилмекчи», - дейт ал.

Белгилей кетсек, «ТК ГеоРезерв» жана «ТК ГеоРесурс» компаниялары Ак-Түз кенинде алтын жана күмүш рудаларын иштетет. 2017-жылдын жыйынтыгында алар 87 кг алтын жана 148 кг күмүш өндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий