• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз ишкерлерди текшерүүнү кыскартуу үчүн баарын жасайбыз – премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. “Биз ишкерлерди текшерүүнү кыскартуу үчүн барын кылабыз”, - деди КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үйүндөгү кеңешменин жүрүшүндө.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда ишкерликке тоскоолдуктарды жаратпоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

“Биз ишкерлерди текшерүүнү азайтуу үчүн барын жасайбыз. Мунун баары өлкөнүн экономикасын, инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жасалып жатат. Бүгүнкү күнгө карата 265 чакырым жол оңдолуп, 4 ирригациялык жабдык киргизилди”, - деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал учурда жарандар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн (паспорт алуу, медициналык жардам, пенсия) пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн жерлерди трансформациялоо маселеси иштелип жатканын белгиледи.

Премьер-министр социалдык өнүгүү бир кыйла жакшырганын айтты. Анын айтымында, бардык пенсиялар жана башка төлөмдөр өз убагында берилип жатат.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев жакында муктаж болгон кызматкерлерге батир берилерин жана кээ бирлердин айлык акылары жогорулатыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий