• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Биз - ХХI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык изилдөө жана ойлоп табуу сынагынан жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы «Биз - ХХI кылымдын интеллектуалдары» изилдөө жана ойлоп табуу багытындагы долбоорлордун эл аралык конкурсун өткөрүштү. Сынак 1-8-июль күндөрү болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Сынак 22 жылдан бери уюштурулуп келет жана Кыргызстан гана эмес, КМШ өлкөлөрүнөн жаш техниктер менен ойлоп табуучуларды чогултуп келет.

Бул жылы Кыргызстандын жети облусунан сырткары Россиянын (Москва, Казань, Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Снежногорск, Рязань шаарлары), Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш техниктери да катышты. Алар өз долбоорлорун онлайн режимде коргошту жана жактоого виртуалдуу түрдө бардык конкурсанттар, көрүүчүлөр катыша алышты.

Сынакка жалпы 185 изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор сунуш кылынган. Калыстар тобу өлкөбүздөгү ЖОЖдордун профессорлорунан куралды.

Жеңүүчүлөр:

«Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясы

I орун:

  • Жаныбеков Даниил (Ысык-Көл областы)
  • Темиркулова Акылай (Бишкек ш.)

II орун:

  • Фролов Максим (Бишкек ш. )
  • Епифанова Маргарита (Россия Федерациясы, Москва ш.)

III орун:

  • Некрашевич Татьяна (Россия Федерациясы, Таганрог ш.)
  • Каиль Никита (Бишкек ш.)

«Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы

I орун:

  • Нишанбаев Ильяс (Бишкек ш.)

II орун:

  • Чеденова Айжамал (Бишкек ш.)

III орун:

  • Шустов Максим (Россия Федерациясы, Москва ш.)
  • Митрофанов Тимур (Россия Федерациясы, Казань ш.)

«Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы

I орун:

  • Телегин Глеб (Россия Федерациясы, Снежногорск ш.)

II орун:

  • Осмоналиев Кубилай (Бишкек ш.)

III орун:

  • Нарбеков Элдияр (Бишкек ш.)

«Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясы

I орун:

Сахно София (Россия Федерациясы, МАОУ №10 ОБМ)

II орун:

  • Станислав Вероника (Россия Федерациясы, Снежногорск ш.)
  • Эктова Анастасия (Бишкек ш.)

III орун:

  • Шамшиев Ислам (Ош ш.)

«Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы

I орун:

  • Хашимова Гавхарай (Бишкек ш.)

II орун:

  • Советканов Ринат (Бишкек ш.)
  • Сергиенко Артем (Ысык-Көл областы)

III орун:

  • Эсенбаева Деңиза (Бишкек ш.)

«Дубалга илинүүчү моделдер» номинациясы

I орун:

  • Сабаева Рахима (Баткен областы)

II орун:

  • Челядник Ярослав (Ош ш.)

III орун:

  • Жеңишбек уулу Ороз (Ош областы)

Юниорлор лигасында диплом менен сыйлангандар

I даражадагы диплом:

  • Мелихов Евгений (Бишкек ш.)

II даражадагы диплом:

  • Панферова Варвара (Россия Федерациясы, Рязань ш.)

III даражадагы диплом:

  • Ястремский Артемий (Казакстан Республикасы, Алматы ш.)

Конкурсунун жеңүүчүлөрү болгон кыргызстандык окуучулар өлкөбүздүн ЖОЖдорунун техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдөрүнүн студенти болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жеңүүчүлөргө дипломдор менен баалуу байгелер, ошондой эле сертификаттар почта аркылуу жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий