• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Биз үлгүрбөй калдык” деген шылтоо кабыл алынбайт – президент жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу

Президент 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал өз сөзүндө баса белгилегендей, бардык иш-чаралар өз убагында жүгөзө ашууга тийиш, убакыт жетишпей калды деген себептер кабыл алынбайт.

“Жакынкы жылдарда Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылган төмөнкү негизги максаттар ишке ашуусу керек. Биринчиден, ар бир адамдын укугун сактаган мамлекетти, ар ким өз укугу сакталышына тереӊ ишенген коомду курууга тийишпиз. Адам укугун бузам дегендерге аеосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл. Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. “Биз үлгүрбөй калдык” жеген шылтоо кабыл алынбайт”, - деди президент.

Жээнбеков билдиргендей, коомдук тартипти жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган бардык долбоорлор тездетилиши керек жана алардын бардыгы өлкө жарандарына пайда алып келүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий