• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биз таза Жибек жолун курууга даярбыз - Си Цзиньпин

Дүйнө 0

Пекин, 26.04.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин II "Бир алкак – бир жол" эл аралык форумун расмий түрдө ачты.

Си Цзиньпин өз сөзүндө, эки жыл мурда биринчи форумда бир катар маселе талкууланганын жана кызматташуу боюнча 150 макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

"Алты коридор, алты магистраль курулду. Бир катар биргелешкен долбоорлор ишке кирди. "Бир алкак – бир жолду" биргеликте ишке ашыруу мүчө өлкөлөрдүн баарына экономикалык өсүш үчүн жаңы багыттарды ачууда", - деди ал.

Ал катышуучуларга кайрылып, белгиленген максаттарга жетүү үчүн бүт аракетти жумшап, "Жибек жолу" идеясын илгерилетүүгө чакырды.

"Кызматташуу ачык болушу керек. Коррупция менен күрөшүү зарыл. Биз таза Жибек жолун курууга даярбыз", - деди Си Цзиньпин.

Белгилей кетсек, аталган форумда жалпы 37 мамлекеттин мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков да кечээ күнү Кытайга барган.

Заманбап Жибек жолу катары айтылган "Бир алкак-бир жол" демилгеси Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы сунушталган. Бул демилге "Жибек жолунун экономикалык алкагы" жана "XXI кылымдын деңиз Жибек жолу" долбоорлорун камтыйт.

Сүрөт/REUTERS

Пикир

Оставить комментарий