• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз жазган, кабыл алган мыйзамдар эл үчүн иштеши керек – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

"Жарандык демилгени Аткаруу бийлиги колдоого алат"

Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магис-тралдык каналдын курулуш иштери башталды. Бул канал ишке киргенде 4200 гектар
жерди сугат суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.

Мамлекет мага эмне кылып берди деп алакан жайып олтурбай, өлкөгө салым кошолу, аткарылып жаткан иштерге демилгечи бололу деген максатта чоң жана уникалдуу долбоорду баштап, жарандык демилгени көрсөтүп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандарды Аткаруу бийлиги колдоого даяр.

Долбоорду ишке ашыруу жарым-жартылай «Алгакадам» коомдук бирикменин каражаттарынан, жарым-жартылай республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Мындан сырткары, өткөн жылдан тартып жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө, бул максатка бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий