• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бизде КРдагы жол кыймылынын эрежелерин бузуу тууралуу маалыматтарга жеткиликтүүлүк жок болот – Калмыков

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Бизде Кыргызстандагы жол кыймылынын эрежелерин бузуулар тууралуу маалыматтарга жеткиликтүүлүк жок болот. Бул тууралуу “Вега” концернинин коммерциялык директору Сергей Калмыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын жумушу техниканы киргизип, аны орнотуу. Директор жол кыймылынын эрежелерин бузуулар тууралуу маалыматтарды “Вега” компаниясы көрө албай тургандыгын айтты.

“Биз Кыргызстанда эле эмес, биздин технологиялар кайсы жакта иштесе, ошол жактарда дагы маалыматтарды көрө албайбыз. Мисалы, Иркутскта жана Ульянов облусунда аталган долбоор иштеп жатат. Биздин дарегибизге алардын иштөөсүндөгү кемчиликтер тууралуу билдирүүлөр келип, аларды жойдук. Калган нерселерге биздин жеткиликтүүлүгүбүз жок“, - деди директор.

Пикир

Оставить комментарий