• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Биздеги жолдор бир жылдан кийин бузула баштайт. Ага ким жооп берери белгисиз – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Биздеги жолдор бир жылдан кийин бузула баштайт. Ага ким жооп берери белгисиз. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Ысык-Көлдөгү Балыкчы – Корумду жолун куруп жаткан кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын жадагалса өзүнүн кетмен-күрөгү да жок неме экен, ал жергиликтүү тургундардын техникаларын ижарага иштетип жатат, ушу кантип болсун.

"Жолдун сапатын караш керек да. «Лонг Хай» сындуу компаниялардын сапаттуу дол кура турганынан күмөнүм бар. Жолдун курулушуна белгилүү бир деӊгээлде мүмкүнчүлүгү, даярдыгы, тажрыйбасы бар компанияларды тартыш керек да. Биздеги жолдор бир жылдан кийин бузула баштайт. Ага ким жооп берери белгисиз. Ушундай жолдун бизге кереги барбы", – деди Рыспаев.

Андан тышкары, депутат Түндүк-Түштүк жолунунун нугуна жакын жаткан Арал – Суусамыр аралыгындагы жол качан курула турганына кызыкты.

"Бул жолдун мааниси зор. Ал кыска эле жол, бирок Түндүк-Түштүк жолун Бишкек – Ош жолуна кошуп турат", - деди депутат.

Транспорт жана жол министринин орун басары Арал – Суусамыр аралыгындагы жол сөзсүз курула турганын билдирди.

"Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз. Эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди Жеӊишбек Ногойбаев.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы - Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий